Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын аба мейкиндигинде аткылоодон улам жабыркаган жана Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган Азербайжан аба жолдоруна (AZAL) таандык учактын кырсыкка учурашына байланыштуу камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнгөнүн билдирди.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, орусиялык «АльфаСтрахование» камсыздандыруу компаниясы учактын толук камсыздандыруу наркын 1 миллиард 3 миллион рубль (болжол менен 12,34 миллион доллар) төлөп берген.
Билдирүүдө жабыркагандардын көбүнө жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнүп берилгени белгиленет. 62 жүргүнчүнүн 46сынын арызы толугу менен канааттандырылган. Тактап айтканда, Орусиянын 15 жаранынын 7си, Азербайжандын 38 жаранынын 35и, Кыргызстандын бардык 3 жараны жана Казакстандын 1 жараны төлөмдөрдү алышкан.
“Учурда каза болгондорго жана маркумдардын жакындарына жалпысынан 358,4 миллион рубль (4,4 миллион долларга жакын) төлөндү. Каза болгондор жана маркумдардын жакындары менен толук эсептешүү максатында компенсациянын өлчөмүн макулдашуу боюнча иштер уланууда” — деп билдирди министрлик.
Бакудан Грозныйга учкан Embraer 190 учагы 2024-жылдын 25-декабрында Казакстандын Актау шаарына жакын жерге кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган.
Азербайжан бийлиги учак Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирген. Бул окуя Азербайжан менен Орусиянын мамилесинде чыңалууга алып келген. Азербайжандын президенти Илхам Алиев окуяга күнөөлүүлөрдү жазалоону, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана кулап түшкөн АЗАЛ учагы үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылган.
