Четверг, 30 апреля

Өкмөт: азык-түлүктүн баалары былтыркыга салыштырмалуу арзандады

0

2025-жылдын 4-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бир катар азык-түлүк товарларынын баалары былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арзандаганы байкалды. Бул тууралуу бүгүн «Биринчи радионун» түз эфиринде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын анализдөө, отчеттуулук жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башкы адиси Айпери Жусупбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, ун, кумшекер, күрүч, жумуртка, ошондой эле уй жана кой этинин баалары арзандаган, ал эми өткөн айга салыштырмалуу картошка, пияз, сабиз жана кумшекердин баасы төмөндөгөн.

Адис белгилегендей, буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен уй жана кой этинин бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

«Бул баалар республика боюнча аймактарга жараша 1 кг үчүн 580 сомдон 690 сомго чейин өзгөрүп турат. Буга байланыштуу биздин кызмат күн сайын бааларды көзөмөлдөп турат. Бүгүнкү күндө 7 айып салынып, 10 эскертүү берилди. Эгер кимдир бирөө баанын жогорулаганын байкаса, бизге 56-31-47 телефону аркылуу чалып, арыз калтырса болот», — деп кошумчалады Жусупбекова.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз