Бүгүн мигранттардын Орусияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруунун мөөнөтү аяктайт.
2025-жылдын 1-январынан тартып Орусия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым категорияларынын өлкөдөн чыгаруу режиминин колдонулушуна байланыштуу укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар күчүнө кирген.
Ага ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиш болгон бардык чет өлкөлүк жарандар Орусия Федерациясынан өз алдынча чыгып кетүүгө же укуктук статусун жөнгө салууга милдеттүү болгон.
Президент Садыр Жапаров Орусия Федерациясынын президентине биздин жарандардын Орусиянын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн белгиленген мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. Мындан улам бул мөөнөт 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган.
Белгиленген мөөнөттө укуктук статусун жөнгө салбаган чет өлкөлүк жарандарга Орусияга кирүүсүнө тыюу салуу жана өлкөдөн чыгаруу чаралары көрүлөт (депортация).
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров «Кабар» агенттигине билдиргендей, Орусиянын Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Орусия Федерациясында миграциялык каттоосунда 377 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жараны турат.
“Мыйзам күчүнө кирген учурда Орусия Федерациясында көзөмөлгө алынган адамдардын реестринде 70 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жараны катталган болсо, үстүбүздөгү жылдын июль айынын башына карата алардын саны 113 миңди, ал эми үстүбүздөгү жылдын 27-августунда 94 миңди түздү. Сөз Орусиянын аймагында миграциялык режимди бузуу менен жүргөн Кыргызстандын жарандары жөнүндө болуп жатат”, — деди ал.
Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, ошону менен бирге 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москвада жана Москва облусунда жаңы эксперименталдык тартип киргизилди, ал чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын учурдагы миграциялык каттоосун толугу менен алмаштырат. Каттоодон өтүү үчүн кыргызстандыктар туруктуу жашаган жери тууралуу маалыматты ички иштер органдарына берүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган “Амина” мобилдик тиркемесин орнотуу керек.
