Четверг, 23 апреля

Непалда митингчилер Азиянын эң чоң хансарайын өрттөп жиберишти

0

Катмандудагы Непалдын өкмөттүк сарайы өрттөн дээрлик толугу менен күйүп кетти. Ал Азиядагы эң чоң хансарай болчу.

8-сентябрда түштөн кийин Непалда нааразылык акциялары күч алды. Өлкөнүн башкы административдик имаратын өрт каптады. Непалдык маалымат каражаттары өрттүн масштабынан улам өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүүгө аракет да жасабаганын кабарлашты. Ошентип имарат менен кошо имараттагы бардык маанилүү мамлекеттик документтер жана архивдер күйүп кетти.

Сингха Дурбар деп аталган 1,7 миң бөлмөлүү өкмөт сарайы  Азиядагы эң чоң сарай болчу. Имарат 1903-жылы премьер-министрдин резиденциясы катары курулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз