Франциянын ички иштер министри Бруно Ретайло шаршемби күнү Парижде башталган жалпы улуттук нааразылык акцияларынын алгачкы этабында 200дөй кишинин камакка алынганын билдирди.
Демонстранттар шаршемби күнү эртең менен Парижде полиция менен кагылышып, таштанды челектери өрттөлдү. Өкмөт «Баарын токтот» урааны астында уюштурулган жалпы улуттук акция күнүнө 80,000 полиция кызматкерин жөнөттү.
Франсуа Байру парламенттеги ишеним добушу менен премьер-министрликтен алынып, анын ордуна шейшемби күнү Себастьян Лекорну дайындалгандан эки күн өткөндөн кийин миңдеген демонстранттар онлайн режиминдеги чакырыктарга жооп беришти.
Жай мезгилинде социалдык тармактарда жана шифрленген чаттарда күч алган «Bloquons Tout» (Баарын токтот) кыймылы блокадалар, иш таштоолор, демонстрациялар жана башка нааразылык иш-аракеттерин өткөрүүгө чакырды. Кыймылдын негизги буталарынын бири болгон президент Эммануэль Макрондун 12 айдын ичинде төртүнчү премьер-министрин дайындаган мезгилде бул чакырык көңүлдөрдү бурду.
Жетекчиси так аныкталбаган бул кыймылдын талаптары ар түрдүү. Алардын көбү Байру кызматтан кетээр алдында сунуштаган бюджетти үнөмдөө пландарына каршы багытталган. Ошондой эле, кыймыл теңсиздикке байланыштуу кеңири нааразычылыктарды камтыйт.
Шаршемби күнү иш таштоолорго, бойкотторго, блокадаларга жана башка нааразылык иш-аракеттерине чакырыктар интернетте жайылып, зомбулуктан алыс болууга үндөгөн билдирүүлөр менен коштолду.
«Баарын токтот» кыймылынын түзүлүшү Макрондун биринчи президенттик мөөнөтүндө өлкөгө таасир эткен «Сары жилетчелердин» нааразылык акцияларын эске салат. Күйүүчү майга болгон салыктын көбөйүшүнө каршы жумушчулардын кесилиштерге чатыр тигиши менен башталган нааразылык акциялары экономикалык адилетсиздик жана Макрондун жетекчилигине кыжырдануу менен курчалган ар кандай саясий көз караштардан, аймактардан, социалдык катмарлардан жана муундардан адамдардын катышуусунда тездик менен күчөдү.
