Воскресенье, 19 апреля

АКШда Трамты колдогон саясатчы атып өлтүрүлдү

0

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, консервативдүү активист жана президент Дональд Трамптын жактоочусу Кирк Юта штатында эл алдында сүйлөп жаткан маалда атылган. Ал оор абалда ооруканага жаткырылган.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо Кирк Юта Валли штатынын университетинин короосунда чатырдын астында сүйлөп жатканда атып өлтүрүлгөнүн көрүүгө болот. Кирк ал жерге жергиликтүү TPUSA бөлүмү тарабынан уюштурулган The American Comeback Tour алкагында барган.

Интернеттеги видеолорго караганда, ок Кирктин мойнуна тийген. Кол салууга шектелген адам кармалган, бирок кийинчерээк кармалган адамдын атышууга тиешеси жок экени, ок чыгарган адам дагы эле эркиндикте жүргөнү маалымдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз