Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Катарга палестиналык Хамас кыймылынын мүчөлөрүн өз аймагынан чыгаруу боюнча ультиматум койду.
«Же аларды чыгарасың, же жоопко тартасың. Анткени андай кылбасаң, биз тартабыз», — деп социалдык тармактарга тараткан видео кайрылуусунда.
Нетаньяху ушундай эле талапты ХАМАСтын мүчөлөрү жайгашкан башка өлкөлөргө да койгон.
Израилдин премьер-министри ошондой эле анын Хамаска каршы аракеттерине дүйнөлүк коомчулуктун реакциясын сынга алды. «Азыр дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү Израилди айыптап жатышат. Алар уялышы керек», — деди ал.
Эки күн мурун Израил армиясы Катардын борбору Дохадагы Хамастын сүйлөшүү тобунун резиденциясына абадан сокку урган.
