Четверг, 23 апреля

Израиль Газаны басып алуу операциясын баштады

0

Израиль Газа шаарына чабуулун баштады, деп билдирет Axios. Израиль армиясы бир нече аптага созулган бомбалоо жана аба соккуларынан кийин шейшембиге караган түнү Газа шаарына чабуул баштаганы белгиленди.
«Иерусалем пост» газетасы чабуул жөнүндөгү кабарларды «тастыктоого» мүмкүн экендигин жана Израилдин танктары шаардын борборуна кирип келгендигин жазган.

“Аль-Жазира” болсо, Израилдин аскерлери Газага сокку урууну күчөткөнүн кабарлады.

Израил өкмөтү Газа шаарын басып алуу чечимин августтун башында кабыл алган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун айтымында, Газада Хамас тобунун маанилүү чептери жайгашкан.

Газа шаарын басып алуу ниетин билдирген Тель-Авив шаарда жашагандарды эвакуациялоого чакырды. 300 миңдей палестиналык Газадан чыгып кетти.

Кечээ Израилдин аскер-аба күчтөрү шаарга массалык түрдө абадан сокку урган, андан кийин Израилдин танктары шаарга кирип келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз