Пятница, 22 ноября

Космостон жерге эмнелер түшѳт?

0

Орус окмуштуулары изилдегендей күн сайын жерге космостон 100 тоннага жакын чаң жана метеорит түшүп турат. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын астрономия институтунун илимий жетекчиси Борис Шустов маалымат булактарына жарыялады. 

Учурда Россия космостук коркунучтардын алдын алуу боюнча улуттук программанын долбоорун даярдап жатат. Аталган иш-чаралар Россиянын бул маселедеги ролун жогорулатуу үчүн жасалууда.

Ошондой эле, Шустаков космостогу орбитадан чыгып кеткен, же учурулуп кайра түшпөй калган спутниктер жана башка калдыктар жерге аз түшөрүн айтат. Негизги коркунучту космостук таштандылар — космостогу чаң, метеориттер түзөт.

Белгилей кетчү жагдай, бүгүнкү күнү коркунучтуу астероиддерди аныктоо боюнча Россиянын кошкон салымы 0,1 пайыздын тегерегинде. Негизги иштерди АКШнын окумуштуулары жасап жатат. 2019-жылдын башына алынган маалымат боюнча коркунуч жараткан 18 миң объект бар. Алардын 99 пайызы — астероиддер.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз