Понедельник, 20 мая

Мигранттарды асмандан аңдашат

0

Мыйзамсыз чек арага кирген мигранттарды асмандан дирижабль аңдайт. Бул нерсени грек жээк күзѳтүнѳ европалык чек ара агенттиги FRONTEX берген. 35-метрлик түзмөк километр бийиктикке чейин көтөрүлүп, радар жана жылуулук менен жабдылган күнү-түнү жээкке күзөт болот.

Тѳрт апа бою дирижаблды текшерүүдѳн ѳткѳрѳт. Ал эми жердеги жабдууларды гректерге португалдык кемечилер берген.

Машина Түркиянын жээгинде Самосто негизделген. Бул арал — чакан кайык менен сүзүп өтүп, Европага мигранттардын умтулган негизги багыттарынын бири.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз