Среда, 29 апреля

Камчаткада дагы жер титиреди

0

Камчаткада күчү 5,6 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Геофизика кызматына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жер титирөө Петропавловск-Камчатский шаарынан 94 чакырым алыстыкта жана 24,6 чакырым тереңдикте болгон.

Ошондой эле, бир сутка ичинде күчү 3,3 балл жана андан жогору 16 афтершок катталган. Ал эми бул кайталанма толкундар Камчатканын аймагында 30-июлда болгон 8,8 баллдык жер титирөөдөн улам болуп жатканы айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз