Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларынан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 98ге көбөйүп, 65 миң 62ге жетти.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин уланып жаткан кол салууларынан каза болгон жана жаралангандарга байланыштуу акыркы сандар берилди.
Акыркы 24 саатта 98 каза болгон жана 385 жараланган киши Газадагы ооруканаларга жеткирилди.
Израил армиясынын 18-марттан бери Газа тилкесинде 19-январда макулдашылган ок атышпоо келишимин бузган кол салууларынын натыйжасында 12 миң 511 палестиналык каза болуп, 53 миң 656 киши жараланды.
27-майдан бери Израиль жана АКШ көзөмөлдөгөн жардам бөлүштүрүү борборлору деп аталган борборлордо палестиналыктарга системалуу кол салуулардын натыйжасында каза болгондордун саны 2504төн ашты, жаралуулардын саны 18381ге жетти.
Бул маалыматка караганда Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 65 миң 62ге, жаракат алгандардын саны 165 миң 697ге жетти.
