Польшанын TVP World телеканалынын маалыматына караганда, Польша жана НАТО өлкөдөгү жылдын эң ири аскердик машыгууларынын алкагында болжол менен 30.000 аскерин жайгаштырууда.
Польшанын Куралдуу күчтөрү ошондой эле 600дөн ашуун танктарды, учактарды жана ракета системаларын чогултуп жатат.
“Темир дарбаза” деген аталыштагы бул машыгуулар Орусиянын Калининград эксклавына жакын жерде, стратегиялык Сувалки коридорунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Орзис шаарындагы машыгуу аянтында өтүүдө.
Машыгуулар Орусия менен тирешүү күчөп турган маалда альянстын биримдигин көрсөтүүгө багытталганы кабарланууда.
Ошондой эле бул машыгуулар Орусия менен Беларустун биргелешкен “Запад-2025” аскердик машыгууларынын аякташы менен дал келди. Ал машыгуулар 12-сентябрдан бери чек аранын аркы тарабында өтүп жаткан.
Машыгуулар жакында эле аймактагы орусиялык учкучсуз аппараттардын чабуулунан кийин өткөрүлдү.
Өткөн аптада Польша Орусиянын Украинага чабуулу учурунда кеминде 19 учкучсуз аппарат Польшанын аба мейкиндигине киргенин жарыялап, бирок Орусия бул бузуунун атайылап жасалбаганын айткан.
