Англия, Канада, Португалия жана Австралия Палестина мамлекетин тааныганын жарыялашты. Үч өлкөнүн лидерлери бул кадам тынчтык жараянына колдоо көрсөтүүгө багытталганын баса белгилешти.
Англиянын премьер-министри Кейр Стармер Лондон Палестинаны «тынчтык жана эки мамлекеттүү чечимге болгон үмүттү жандандыруу үчүн» тааный турганын билдирди.
Канаданын премьер-министри Марк Карни өз билдирүүсүндө Оттава Палестинаны тааный турганын жана «палестиналыктар менен израилдиктер үчүн» келечекти курууда өнөктөш болууга даяр экенин баса белгиледи.
Австралиянын премьер-министри Энтони Албанес белгилегендей, Палестинаны таануу элдин өз мамлекетине болгон каалоосун чагылдырат жана «эки мамлекеттүү чечимге жаңы дем берүү үчүн координацияланган эл аралык аракеттердин» бир бөлүгү болушу керек.
