Улуу Британия, Канада, Австралия жана Португалиядан кийин Франция менен Бельгия да Палестина мамлекетин тааныганын Франциянын президенти жана Бельгиянын премьер-министри Нью-Йоркто жарыялашты.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Палестинаны мамлекет катары тааныганын жарыялады. Франциянын мамлекет башчысы дүйшөмбү күнү, 22-сентябрда Франция менен Сауд Аравиянын демилгеси менен мамлекет жана өкмөт башчыларынын дүйнөлүк саммити өтүп жаткан БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында сөз сүйлөдү.
«Бүгүн Франция Палестина мамлекетин тааныйт», — деди Макрон. Анын айтымында, бул «Израиль жана Палестина элдеринин ортосундагы тынчтык үчүн» жасалып жатат.
