Молдова өкмөтү жекшемби күнкү өтчү парламенттик шайлоонун алдында өлкөнү туруксуздаштырууну максат кылат деген жүйө менен Орусия колдогон киши жана уюмдарга каршы 200дөн ашык рейд жүргүздү. Президент Майя Санду Москванын шайлоого таасир этүү үчүн жүз миллиондогон евро сарптагандыгын билдирди.
Улуттук полициянын маалыматына ылайык, тергөөчүлөр жана коопсуздук күчтөрү 250дөй издөө жүргүзүп, 100дөн ашык адамды текшерген, бирок алар кайсы саясий топторго тиешелүү экендиги тууралуу маалымат бербегендигин белгиледи.
Шейшемби күнү берилген билдирүүдө: “Издөөлөр, Орусия Федерациясынан кылмыштуу элементтер аркылуу координацияланган массалык баш аламандыктарды жана туруксуздукту даярдоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу», — деп айтылды.
Бул маанилүү шайлоо Молдованын Европа Биримдигине кирүү максаты үчүн чечүүчү болушу мүмкүн. Молдова Москванын бул процессти дезинформация, массалык козголоңдорду уюштуруу жана добуш сатып алуу сыяктуу тактикалар менен тоскоолдук кылууга аракет кылып жатканын айтууда.
