Понедельник, 20 апреля

Венесуэлада катуу жер титирөө болду

0

Венесуэлада күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Известия жазды.

Маалыматка караганда, зилзала болжол менен 3,7 млн калкы бар Сулия штатына жакын жерде сезилди.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдиргендей, жер титирөө 244 миң тургун жашаган Валера шаарынан 68 чакырым түндүк-батышта жана 60 миң 500 жашоочусу бар Мене-Гранде муниципалитетинен 24 чакырым түндүк-чыгышта орун алды.

Жердин силкинүүсүнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз