Воскресенье, 19 апреля

Жогорку Кеңеш тарады. Шайлоо 30-ноябрда өтөт

0

Бүгүн, 25-сентябрда депутаттар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатышы жөнүндө» токтом долбоорун жактырышты.

Документ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Регламент боюнча комитет тарабынан депутаттардын өз демилгеси менен кароого чыгарылган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча токтомду 84 депутат колдоду.

Бул Кыргызстан тарыхындагы депутаттар өз алдынча учурда иштеп жаткан чакырылыштын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган алгачкы учур болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз