Воскресенье, 19 апреля

Бүгүн Жогорку Кеңештин өзү өзү таркатышы күтүлүүдө

0

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламентти таркатуу чечимин кабыл алышы күтүлүүдө.

Жыйынды ачып жатып, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул маселе бүгүнкү сессияда добушка коюларын билдирди.

Ал кесиптештерин күн тартибине киргизилген бардык мыйзам долбоорлорун карап бүтүрүү үчүн ашыкча суроолордон алыс болууга чакырды.

Төраганын айтымында, бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхында депутаттар өлкөнүн келечеги үчүн парламентти өз ыктыяры менен таркатууга демилге көтөргөн биринчи учур.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз