Воскресенье, 19 апреля

Трамп Эрдоганды Ак үйдө коноктоду

0

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган бейшемби күнү Ак үйдө өткөн жолугушууда коргонуу жана соода тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү убадалашты.

Трамп Эрдоган менен Түркиянын F-16 жана F-35 программалары менен бирге АКШда жасалган согуштук учактардын сатып алынышын жана экономикалык кызматташтыкты сүйлөшкөнүн белгиледи.

«Эки өлкө үчүн чоң соода келишимдерин түзөбүз», — деген Трамп, Анкарага Орусиянын ракеталык системаларын сатып алганы үчүн киргизилген санкциялардын «дароо» жоюлушу мүмкүн экенин айтты.

Президент Эрдоган сүйлөшүүлөрдө коргонуу өнүмдөрүн сатуу сыяктуу кеңири темалардын караларын айтты.

«Түрк-Америка карым-катнаштарында башка бир этаптан өтүп жатабыз»,- деген Эрдоган: «Аймактагы бул кыйынчылыктарды биргелешип, кол кармашып жеңебиз деп ишенем»,-деди.

Трамп кесиптешин «өтө кадыр-барктуу адам» деп мүнөздөп, Эрдоганга «өз өлкөсүндө, бүт Европада жана бүткүл дүйнөдө абдан суктангандарын» айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз