Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык Качкындарга жардам берүү агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини Израилдин кол салуулары башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде 4 миң баланын ампутацияланганын белгилеп, учурда Газа калкынын саны боюнча дүйнөдө эң көп ампутацияланган балага ээ шаар экенин белгиледи.
Социалдык медиа эсебинен жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Лазарини Газанын кечээ кечинден бери эң оор күндөрүн башынан өткөргөнүн, Израилдин кол салууларынын натыйжасында көп сандаган баланын каза болгон же жараланганын баса белгиледи.
Ок атышууну дароо токтотууга чакырган Лаззарини: «Бул абал (Израилдин Газага кол салуулары) канчалык узакка созулса, балдар жана келечек муундар үчүн травма ошончолук терең жана оор болот. Башкалар үчүн болбосо да, жок дегенде балдар үчүн — ок атышууну дароо токтотуу керек» — деди.
