Воскресенье, 19 апреля

Бишкек мэриясы элди коомдук транспортту колдонууга чакырууда

0

Бишкек мэриясы шаар тургундарын коомдук транспортту активдүү колдонууга чакырган кыска анимациялык ролик жарыялады.

Мультфильмде автобус менен жүрүү төмөнкү артыкчылыктарга ээ экени баса белгиленет:

  • Ыңгайлуу – маршрутту ашыкча кечигүүлөрсүз пландаштырууга болот;
  • Үнөмдүү – жеке автоунаага караганда арзаныраак;
  • Экологиялык таза – абага чыккан түтүн азайып, айлана-чөйрөгө зыян азыраак тиет.

Борбор калаанын бийлиги коомдук транспортту өнүктүрүү Бишкектеги тыгындарды азайтуунун жана экологиялык абалды жакшыртуунун негизги чараларынын бири экенин эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз