Вторник, 30 июня

Майя Санду 28-сентябрында өткөн шайлоо боюнча оюн айтты

0

Молдованын президенти Майя Санду 2025-жылдын 28-сентябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча сөз сүйлөп, жарандардын катышуусун жана өлкөнүн келечегин коргоого кошкон салымын жогору баалады.

«Молдавияда да, чет өлкөлөрдө да, чакан айылдарда жана чоң шаарларда добуш берүүгө катышкан бардык жарандарга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Ар бир добуш чечүүчү болду. Биз дүйнөгө кайраттуу жана татыктуу адамдардын өлкөсү экенибизди көрсөттүк. Бизди пара менен алдап, коркутуп-үркүтүү мүмкүн эмес. Биз биригип Молдованын келечегин коргоп, чын жүрөктөн добуш бердик», — деди басма сөз жыйынында Майя Санду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз