Суббота, 5 сентября

Филиппиндеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 60тан ашты

0

Филиппиндеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 69га жетти.

Маалыматка караганда, Себу провинциясынын жээгинде болгон жер титирөөдөн 26 киши каза болуп, 147 адам жаракат алганын кабарлаган болчу.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) тараткан маалыматка ылайык, 6,9 баллдык жер титирөө Калапе муниципалитетинен 11 чакырым алыста катталган. Ошол эле күнү Либертад шаарында дагы 5 баллдык кайталанма жер титирөө сезилген.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Жергиликтүү бийлик жабыркагандарга жардам көрсөтүп, коопсуздук чараларын күчөттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз