Суббота, 5 сентября

Ош шаарынын күнү өзгөчө белгиленди

0

Ош шаарынын күнү өзгөчө белгиленди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда борбордук аянтка КР Мамлекеттик туусу көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен шаар күнүнө карата 45 метрлик желек сап алынып салынып, анын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулду.

Иш-чарада президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктады.

Ошондой эле борбордук аянтта Ош шаарынын жана Ош облусунун күч түзүмдөрүнүн парады өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз