Вторник, 26 мая

Путин: “AZAL учагына байланыштуу Азербайжандан кечирим сураганбыз”

0

Орусия Азербайжан аба жолдорунун AZAL учагынын кыйрашына байланыштуу компенсация төлөп берүү үчүн бардыгын жасайт.

Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Борбор Азия-Орусия саммитинин алкагында Дүйшөмбүдөгү Кохи Сомон резиденциясында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушууда билдирди. Кремлдин басма сөз кызматы билдирүүнү бейшембиде, 9-октябрда жарыялады.

Орус президенти AZAL авиакырсыкына байланыштуу кырдаалды биротоло жөнгө салуу үчүн убакыт керектигин баса белгиледи. «Орусия Азербайжан аба жолдорунун»AZAL учагынын кыйрашына байланыштуу компенсация төлөп берүү үчүн бардыгын жасайт жана бардык чиновниктердин аракеттерине юридикалык баа берет», — деди мамлекет башчысы.

Путин Алиевден Орусиянын асманында болгон трагедия үчүн мурун кечирим сураганын эске салып, каза болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтты. Ал белгилегендей, Орусия тергөөгө бардык жардамдарды берип жатат.

Путин иликтөө иштери аяктоо алдында турганын, эми жалпысынан кырсыктын себептерин аныктоого мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, трагедия болгон күнү орусиялык аскер күчтөрү «Орусиянын чек арасынан өткөн үч украиналык учкучсуз учагын аңдып жаткан». Андан тышкары абадан коргонуу системасында техникалык мүчүлүштүк болгон.

«Атылган эки ракета учакка тике тийген жок, бирок болжол менен 10 метр алыстыкта ​​жарылган. Сокку ракеталардын өзүнөн эмес, балким, ракеталардын сыныктарынан улам болгон», — деди ал.

Путин учкуч соккуну канаттуулардын үйүрү менен кагылышып жаткандай кабылдап, аба кыймылынын диспетчерлерине кабарлаганын кошумчалады. Путин муну кара кутудагы жазуулар тастыктаганын, анда экипаждын учак диспетчерлери менен Махачкалага конуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүүсү да жазылганын айтты. Сунушка карабастан, деп белгиледи президент, учкуч өз аэропортуна кайтып келүүнү чечип, андан соң Казакстанга багыт алган.

«Биздин милдет — болгон окуяга объективдүү баа берүү жана анын чыныгы себептерин аныктоо. Акыркы тыянак чыгаруу үчүн дагы убакыт керек», — деп баса белгиледи Путин.

Азербайжандын президенти өз кезегинде Путинге тергөөнүн жүрүшү тууралуу кеңири маалымат бергени жана процессти жеке өзү көзөмөлдөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз тергөө объективдүү картинаны берет деп ишенгенбиз», — деди мамлекет башчысы.

Алиев Баку менен Москванын бардык тармактарда, анын ичинде экономика жана гуманитардык тармактарда да оң динамикасын сактап калганын жана бекитилген жол карталарынын кечиктирилбестен ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Азербайжандын президенти ошондой эле тыгыз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жолугушууда айтылган сигналдардын коом тарабынан оң кабыл алынаарына ишенимин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз