Түркия Газа тилкесинин жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууда.
«Түркия 2023-жылдын октябрынан бери 16 кеме жана 14 учак менен Газага жалпысынан 101 миң 725 тонна гуманитардык жардам жеткирди. 2025-жылдын 27-июлунан бүгүнкү күнгө чейин аймакка гуманитардык жардам ташыган 333 жүк ташуучу унаа жетти», — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүдө.
Анклавда өткөн жумада ок атышпоо күчүнө киргенден бери гуманитардык жардам операцияларынын күчөгөнү белгиленди. Бул аракеттердин алкагында AFAD тарабынан координацияланган гуманитардык жардамдар жүктөлгөн 100 жүк ташуучу унаа менен Түрк Кызылайынын жана башка түрк бейөкмөт уюмдарынын жардамдары Египеттин Эл Ариш портунан Карем Абу Салем өткөөлүнө чейин Египеттин Кызыл Жарым Ай коому менен кызматташтыкта Газага жеткирилди.
