12-октябрдан бери Газа тилкесине гуманитардык жүк ташыган 173 жүк ташуучу унаа келди, анын ичинде үчөө газ баллондору жана алтоо күйүүчү май ташыган. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү, 13-октябрда Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүдө, келип жаткан жардамдын көлөмү талап кылынгандан бир топ төмөн экени, алтургай жардамдын эксклавдын 2,4 миллион жашоочусунун негизги муктаждыктарын да канааттандыра албасы баса белгиленди.
¨Газа күйүүчү майдын, газдын жана тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегип жатат жана аймак көбүрөөк жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардамга муктаж”, — деп билдирди эксклав өкмөтү.
