Жээнбек Кулубаев Венгрияга иш сапары менен барат

0

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын тышкы экономика жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун чакыруусу менен Венгрияга иш сапары менен барат.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында Кыргыз-Венгрия Стратегиялык кеңешинин Бешинчи жыйыны өткөрүлөт. Анда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашат.

Жыйындын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз