Понедельник, 25 ноября

АКШ тилсиз жоону басууга кол сунду

0

1-августа Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу маалымат булактар жарыялады.

Сүйлөшүү америкалыктардын демилгеси менен уюштурулуп, Трамп Россиянын токоюндагы өрттү өчүрүүгө жардам сунуштаган. Президент Путин Трампка ыраазылык билдирген. Россиянын президенти, андан сырткары, эгер өтө зарыл болуп калса Трамптын сунушун колдонорун, бирок учурда Сибирдеги өрткө каршы күрөшүү үчүн күчтүү авиатоп түзүлгөнүн кабарлады.

Кээ бир маалымат булактардын маалыматында россия токойлорундагы ѳрт коңшу ѳлкѳлѳргѳ да терс таасирин тийгизээрине кооптонушканы жарыяланган. Бул аймактарда жыл сайын жай мезгилинде токойлор ѳрттѳнѳн. Бирок буга чейин орусия бийлиги алдын алуу иштерине кѳңүл бурбагандай деп жазылган. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз