Жай мезгили келип, аптаптуу ысыкта адамдар аз тамактанып, суусундук кѳп колдонушап. Жайдын кѳркү жер жемиште.
Дыйкандар эмгегинин үзүрүн кѳрүш үчүн жемиштерин базарларда сатышат. Азыр дарбыздын маалы. Даарыгерлердин айтымында, күнүнѳ жарым килодон ашык жеген зыян алып келээрин тастыкташат.
Ошондой эле дарбызды сатып алууда туура сакталышына кѳңүл буруу абзел. Күндүн ысыгында ачык жерлерде, жол боюнда сатылган жемиштерден сактанууну сунушташат. Ар бир жер жемишти туура сакталган жерден сатып алган соң, үйгѳ келгенде сѳзсүз жууп жегенди талап кылат.
Алардын арасында дарбызды, коонду дагы крандан аккан сууга бирнесе убак кармап, жууган жакшы экенин баса белгилешет. Ал эми ашыкча жеген баардык нерсенин ададын ден-соолугуна зыян экенин унутпашыбыз керек.
Адистердин айтымында, дарбызды ченемден ашык жеп алуу айрым илдети бар адамдарга кесепетин тийгизиши ыктымал. Тагыраагы, буга заара түтүкчөсү бузулуп, бөйрөгү бүк түшүргөндөр, аденома (бездин бөтөнчө) менен жабыркагандар жана ушул оорудан жаңы операция жасатып чыккандар кирет.
Ошондой эле дарбызды тоё жеп алуу ичти алып, көптүрүп, көңүл айлантат дагы ичеги-карындын иштешин бузары айтылат.