Четверг, 11 июня

Орусия “Тамагавк” ракеталарынан коркуп жатат — Зеленский

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин Орусия “Тамагавк” ракеталарынан коркуп жатканын, ошондуктан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр түр көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди. Бирок Зеленскийдин айтымында, америкалык тарап бул ракеталарды өткөрүп берүү боюнча конкреттүү убадаларды берген жок.

Зеленскийдин айтымында, украин жана америкалык делегациялар Украинага абадан коргонуу системаларын жеткирүү маселесин талкуулашты. Ал эки тараптын командалары Украинадан жана башка өлкөлөрдөн келген заказдарды аткаруу мөөнөтүн америкалык өндүрүүчүлөр менен макулдашып, бул маселенин үстүндө иштөөнү уланта турганын билдирди.

Зеленскийдин айтымында, алыс аралыкка атуучу куралдар маселеси көтөрүлгөн, бирок тараптар “бул маселе тууралуу сүйлөшпөөнү чечти, анткени АКШ эскалацияны каалабайт”.

Дональд Трамп жолугушуудан кийин журналисттер менен сүйлөшкөн жок, бирок дем алыш үчүн дароо Флоридадагы резиденциясына учуп кетти. Жолдо келе жатып, ал жолугушуунун конкреттүү жыйынтыгын айтпай, эки тарап тең өзүн жеңди деп жарыялоону сунуштаган пост жарыялады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз