Четверг, 11 июня

Разгатлыоглу супербайк боюнча үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду

0

Түркиялык мотоциклист Топрак Разгатлыоглу супербайк боюнча дүйнө чемпиону (WorldSBK) болду. Бул тууралуу Анадолу агенттиги билдирет.

Маалыматка караганда, дүйнө чемпионатынын он экинчи жыйынтыктоочу айлампасы Испанияда 4,423 километрге созулган Херес жолунда өттү.

Дүйнө жүзүндөгү күйөрмандарга «Эл Турко» деген ат менен белгилүү Топрак Разгатлыоглу жалпысынан 616 упай топтоду.

Спортчу буга чейин 2021 жана 2024-жылдары дагы дүйнө чемпиондугун жеңип алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз