Израиль өкмөтү Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү «кийинки эскертүүгө чейин» токтотконун жарыялады.
Бул тууралуу Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN билдирди.
Гуманитардык жардам мүмкүнчүлүгү Хамас менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишиминин биринчи фазасынын негизги жоболорунун бири.
Чечим Израиль армиясынын сунуштарынын негизинде кабыл алынганы белгиленди.
Ал эми Израилдин Газа тилкесинде ок атышпоо режимин бузуусунун натыйжасында 46 палестиналык набыт болуп, дагы 132си жараат алды. Палестиналык Хамас кыймылы билдирүүсүндө ушундайбы?
Израиль аскерлеринин эркин жүрүү укугуна ээ болгон аймактарда карапайым калкка кол салып, ок атканы белгиленди.
Билдирүүгө ылайык, каза болгондордун жана жарадар болгондордун жарымы аялдар, балдар жана кары-картаңдар.
Хамас Израилдин аракеттерин “келишимди бузуу аракети жана анын агрессивдүү саясатын улантуу” деп атады.
