Четверг, 11 июня

Токаев менен Алиев 15 кызматташуу документине кол койду

0

Астанада Казакстан менен Азербайжандын президенттери Касым-Жомарт Токаевдин жана Илхам Алиевдин төрагалыгы алдында Казакстан Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйыны өттү.

Казак лидеринин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун күн тартибинде транспорт, логистика, санариптештирүү, отун-энергетика комплекси жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер тууралуу келишимдин 20 жылдыгына арналган биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Азербайжан президентинин Казакстанга жасаган сапарынын алкагында энергетика, транспорт жана логистика, санариптештирүү жана жасалма интеллект, өнөр жай коопсуздугу, саламаттыкты сактоо, статистика жана маданий-гуманитардык байланыштар боюнча 15 кызматташуу документине кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз