Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, II Эл аралык түрк жаштарынын форуму Кыргыз улуттук университетинде өттү.
Иш-чарага Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген 200гө жакын жаштар катышты. Форумда сөз сүйлөгөндөрдүн арасында ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем жана Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев болду.
