“ПКК” террордук уюму өзүнүн билдирүүсүндө Түркиянын ичиндеги куралдуу күчтөрү Иракка чыгып жатканын жарыялады.
Уюмдун мүчөлөрү Ирактын Сулеймания шаарына жакын жердеги Кандил тоосунун этегинде маалымат жыйынын өткөрүштү.
Уюмдун лидерлеринин бири окуган билдирүүдө лидер Абдулла Өжаландын көрсөтмөсү жана май айында өткөн «конгрессте» кабыл алынган чечимдерге ылайык, ПКК өзүнүн уюштуруучулук катышуусун жана куралдуу ишмердүүлүгүн токтотууну чечкени белгиленген.
Бул процесстин уландысы катары Түркиянын ичиндеги ПККнын куралдуу күчтөрү Өжаландын макулдугу менен Түндүк Иракка чыгып жатышат.
