Пятница, 12 июня

Ушул жумада Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт

0

Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.

Анын айтымында, бул саамалык көптөн күткөн маанилүү маданий окуя. Иш-чара эки өлкө ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары дагы бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Маданият күндөрүнүн программасы мазмундуу жана кызыктуу иш-чараларга бай.

“Иш-чаранын ачылышы 29-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болот. Анда Орусия эстрада жылдыздары, музыканттары катышкан концерттик программа тартууланат. Концерт белгилүү “Фонограф-Симфо Жаз” оркестринин коштоосунда, Орусиянын эл артисти Сергей Жилиндин жетекчилиги менен өтөт. Ушул эле күнү филармониянын фойесинде Россия жана Кыргызстан кинематографиясын байланыштырган “Бир экранда – Орусия, Кыргызстан, кино” аттуу фотокөргөзмө ачылат.

Ошондой эле ушул эле күнү “Манас” кинотеатрында кинофестивалдын ачылышы болот. Салтанаттуу бөлүктөн кийин режиссер Никита Высоцкий тарткан “Август” тасмасы көрсөтүлүп, автор менен жолугушуу өтөт. 30-октябрдан 1-ноябрга чейин фестивалдын алкагында башка тасмалар да сунушталат. 30-октябрдан 2-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында Никита Михалков жетектеген Мастерская “12” театрынын спектаклдери коюлат. Алардын катарында “12” аттуу драма жана балдар үчүн Евгений Шварцтын чыгармасы боюнча коюлган “Жоголгон убакыт жомогу” спектакли бар”,-деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз