Бир канча кылым мурда желим калдыктары адамзатынын олтуу маселеси болоорун эч ким ойлобосо керек. Үч уктаса да түшкѳ кирбеген нерсе. Тынч океандын түштүк жагындагы Хендерсон аралынын жээги эмнеге айланганынын кѳрүнүшү абдан жакшы мисал.
1988-жылы бул ээн арал эле. Анын жарымы Англияга таандык. ЮНЕСКО тарабынан таза тунук табыйгый кооз пляждар тизмесине кирген. Бирок бүгүнкү күндѳ миңдеген тонна желим калдыктарына толгон. Дженнифер Лаверс австралиялык окмуштуунун излдѳѳсү боюнча биринчи жолу 2015-жылы барганда бир чарчы мертге 700 даана таштанды топтолорун жарыялаган.
Хендерсон планетанын өтө булганган, адам жашабаган арал болуп калган себеби — асмандагы куштарга, жердеги суу жашоочу жаныбарлар үчүн өзгөчө коркунуч алып келген пластикалык калдыктардын толгону.
Арал жээгиндеги тазалоо иштери жыйынтыксыз. Себеби аралга ар тараптан таштандылар толо берет.
Мындай кѳрүнүш бул эле жерде эмес дүйнѳнү багынтты. Башка жерлердеги деңиздин түбү таштандыларга толгону интернетте байма-бай кѳрсѳтүлѳт. Ал эми Кыргызстандын сыймыгы болгон Ысык-Кѳлдүн жээги таштандыга толуп келет.