Понедельник, 25 ноября

Айтканга оңой болгону менен азабы кѳп

0

«Грегоретти» жүргүнчүлѳрүн кабыл алууга макул болгон Францияда, баш паанек алуу ѳтүнүчүн кароодо бир канча кыйынчылыктардан ѳтүү керек. Кѳпчүлүгү жылдар бою күтүп жүрүшѳт. Себеби баш паанек издегендердин саны ѳскѳнүнѳ байланыштуу. Эки жыл мурда алардын саны 100миңден ашкан. Француз саясаты ийгиликсиз жөнөкөйлөтүү жана тездетүү системасынын жолдорун издеп жатышат.

Судандык мигрант Оливер: «Мен Францияга баш паанек алуу үчүн келгем. Документтеримди жасатып, үй-бүлѳ куруп, иштѳѳнү каалайм. Бирок Францияда ѳтѳ оор. 2015-жылы деле ушул маселе курч эле,азыр да ошондой ».

Франциянын мыйзамдары боюнча баш паанек алуу үчүн ѳлкѳгѳ киргенден кийин 90 күн аралыгында арыз жазуу керек. Теориялык жактан баш калкалоо жайы, бир аз каржылык жардам, зарыл болгон учурда, юридикалык колдоо кѳрсүтүү каралган. Гумманитардык жардам берүүчү уюмдардын айтымында жогорудагы нерселер аткарылбай келет.

Ал эми бейѳкмѳт уюмдардын айтымында «Грегоретти» жүргүнчүлѳрүнѳ жеңилдиктер каралган. Баардык этаптардан тез ѳтүү шарттары каралганын баса белгилешет. Ал эми башкаларга болсо андан кѳбүрѳѳк күтүү шартталган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз