Пятница, 12 июня

Түркияда бүгүн Республика күнү белгиленүүдө

0

Бүгүн Түркия Республикасынын жарыяланганына 102 жыл болду. Жыл сайын 29-октябрда түрк эли өзүнүн негизги улуттук майрамын — Республика күнүн белгилейт. Дал ушул күнү 1923-жылы Түркия республика деп жарыяланган.

1920-жылы 23-апрелде түрк элинин улуттук боштондук күрөшүнүн жүрүшүндө Улуу Улуттук Жыйын (парламент) ачылып, Түркия Республикасын жарыялаган. Бирок, Түркия Республикасы 1923-жылга чейин расмий түрдө таанылган эмес. 1923-жылы 24-июлда Түркиянын көз карандысыздыгын тааныган Лозанна келишимине кол коюлган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз