ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Эрлан Догдурбековдун эмгек келишиминин бүткөндүгүнө байланыштуу, кайра экинчи жолу 5 жылдык мөөнөткө узартылды.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, жетекчи катары экинчи мөөнөткө дайындалышы — анын өз командасы менен тыгыз иш алып баруудагы чеберчилигинин, эмгек жамаатын ынтымакта жана жоопкерчилик менен башкаруу жөндөмүнүн, ошондой эле кызматтык ишмердүүлүгүндөгү жогорку натыйжаларынан кабар берет.
«Эрлан Догдурбековду ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматындагы экинчи мөөнөткө дайындалышы менен куттуктайм», — деп жазды ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.
