Астанада президент Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда “Казакстан – академиялык билим борбору” аттуу Эл аралык стратегиялык өнөктөштөрдүн форуму болуп өттү.
Президент өз сөзүндө билим берүү жана илим – бул чек ара билбеген, дүйнө элдерин бириктирген эң маанилүү стратегиялык тармактар экенин белгиледи.
“Бул форум — билим менен илимдин келечегин аныктаган маанилүү аянтча. Дүйнөлүк университеттердин жетекчилери жана адистеринин пикир алмашуусу биз үчүн баалуу тажрыйба. Бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем”, — деди Токаев.
Форумда билим берүү тармагындагы стратегиялык өнөктөштөрдүн кеңеши түзүлгөнү жана анын үч жыйыны өткөнү маалымдалды.
QS уюмунун негиздөөчүсү Нунцио Квакварелли Казакстандын жогорку окуу жайларынын дүйнөлүк рейтингдерде жогорулап жатканын белгилеп, өлкө билим берүүдө эл аралык атаандаштыкка татыктуу экенин айтты.
Ал эми Кардифф университетинин президенти Венди Ларнер Британ университетинин Казакстандагы жаңы кампусу — Cardiff University Kazakhstan — жасалма интеллект, биотехнология жана медицина боюнча адистерди даярдай турганын билдирди.
Пекин тил жана маданият университетинин профессору Пэн Дуань билим аркылуу элдердин ишенимин бекемдөө маанилүү экенин белгилеп, Астанада ачылган алардын филиалы Борбор Азиядагы алгачкы кытай тили борбору болгонун айтты.
МГИМО ректору Анатолий Торкунов Казакстанды Россиянын билим берүү жаатындагы ишенимдүү өнөктөшү деп атап, Астанада ачылган МГИМО филиалы келечектеги лидерлерди даярдоого өбөлгө болорун белгиледи.
Президент Токаев жыйынтык сөзүндө форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, билим берүү жана илим өлкөнүн өнүгүшүнүн негизи экенин баса белгиледи.
“Күчтүү университеттер — бул келечектин фабрикалары. Илим менен билим адамзаттын прогрессине кызмат кылууга тийиш. Казакстан билим жана илим аркылуу Адилеттүү, Таза, Коопсуз жана Күчтүү өлкө курууну улантат”,— деди президент.
Форумга дүйнөлүк жогорку окуу жайлардын жетекчилери, эл аралык аккредитациялык жана рейтинг уюмдарынын өкүлдөрү, дипломаттар катышты. Ошондой эле Woosong билим берүү фонду, МИФИ, Minerva University жана Бакин мамлекеттик университетинин жетекчилери сөз сүйлөштү.
