Казакстанда кыз ала качкандарга жаза күчөтүлдү. Бул тууралуу Polisia.kz сайты жазды.
Өлкөдө Кылмыш-жаза кодексине никеге туруу максатында адам уурдоо үчүн жазаны караган жаңы өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин 15 адам кармалып, 7 кылмыш иши козголду.
2025-жылдын сентябрь айында киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, адамды өз эркине каршы никеге туруу максатында ала качуу, ошондой эле никеге же чогуу жашоого мажбурлоо үчүн 7 жылга чейин, оордотуучу жагдайлар болгондо он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
