Воскресенье, 7 декабря

Аба ырайы: суук күчөйт

0

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 6-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө -1…-6°, Талас өрөөнүндө -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…5°, тоо этектеринде -2…-7° суук болот. Абанын температурасы Ысык-Көлдө -4…+1°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -4…-9°, тоолуу райондордо -5…-10°, бийик тоолордо -15…-20° чейин төмөндөйт.

6-7-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

2025-жылдын 5-ноябрынан 7-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу) кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз