Польшада башталган ыктыярдуу аскердик окутуу программасын келерки жылдын аягына чейин болжол менен 400 000 адамдын бүтүрүүсү күтүлүүдө.
Польшанын мамлекеттик TVP World телеканалынын маалыматы боюнча, Польша өкмөтү ушул айда ар бир жаранга кризистик кырдаалдарга кантип жооп кайтарууну үйрөнүүгө мүмкүндүк берген жаңы ыктыярдуу аскердик окутуу программасынын башталганын жарыялады,. Бул программа коомдун Орусиядан келип чыгуучу коркунучтарга туруктуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылат.
Пилоттук программа 22-ноябрда башталат. Окууда арандар коопсуздуктун негизги багыттары, аман калуу, биринчи медициналык жардам жана киберкоопсуздук боюнча курстарга жазыла алышат. Программаны толук ишке ашыруу келерки жылдын башында башталат.
Польшанын коргоо министри Владислав Кошиняк-Камыш быйыл программага бир нече миң адам катышаары күтүлүп жатканын, катышуучулардын саны келерки жылдын аягына чейин 400 000ге жетиши күтүлүп жатканын билдирди.
Министр башталгыч жана орто мектеп окуучуларын кошо алганда, бардык Польша жарандары программага акысыз катыша аларын белгиледи: «Кызматкерлер жана компаниялар үчүн жекече жана топтук окутуулар уюштурулат. Мындан тышкары, улгайган адамдар да даярданып, өз көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.»
