Понедельник, 25 ноября

АКШ Кытайдын товарларына жаңы төлөмдөрдү жарыялады

0

Вашингтон 1-сентябрдан тарта жалпы суммасы 300 млрд. долларлык Кытайдын товарларына 10% бажы тарифин киргизет.

Бул тууралуу президент Дональд Трамп “Твиттердеги” баракчасына жазды. Ал жаңы бажы төлөмдөрү буга чейин 25% тариф менен киргизилген товарларга тиешеси жоктугун кошумчалады.

Трамп америкалык делегация жакында Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүп келгенин билдирди. Жолугушуу конструктивдүү болгон. Бирок америкалык лидер Пекиндин соода келишимин өзгөртүү аракетине өкүнүчүн билдирген. Трамптын белгилешинче, буга чейин Кытай тарап ири көлөмдөгө айыл чарба өнүмдөрүн сатып алуу милдетин алган менен аны аткарган эмес. Аны менен катар АКШ диалогду улантууга даяр экенин белгилеген.

Трамптын билдирүүсүнөн кийин Москва биржаларында доллардын курсу 43 тыйынга өсүп, 61 рубль 25 тыйын болуп калды. Евронун курсу 61 тыйынга көтөрүлүп, 71 рубль 23 тыйынды түздү.

Ал эми Brent мунайы Лондон биржасында жети пайызга түшүп, баа боюнча оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлдү. Эксперттер муну АКШнын чечими менен байланыштырып жатат.

АКШ менен Кытайдын соода согушу өткөн жылы башталган. Анда Трамп бир катар Кытайдын товарларына бажы төлөмүн киргизген. Пекин дагы ушундай эле жооп кылган. Эки өлкө ортосундагы соода келишимине 2019-жылы кол коюлат деп болжолдонуп жаткан.

Бирок Трамп Кытайды макулдашууну бузду деп айыптап, бардык кытай товарларына бажы төлөмүн киргизүүнү буюрган. Кытай бийлиги ага жооп катары айрым америкалык товарларга кошумча тариф киргизген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз