Понедельник, 25 ноября

Сириялык  жаран Германияда Казакстандык качкынды бычак сайып ѳлтүрдү

0

Штутгарт шаарчасынын четинде Сириялык 36-жаштагы мигрант кѳчѳдѳ ѳтүп бара жаткан ондогон жарандардын кѳз алдында бычагы менен эркек кишинин ѳлтүрдү. Бул тууралуу RT German басылмасы жарыялады.

Бул окуя  шаршембиде кечки саат алтылар чамасында Фазаненхоф районунда болгон. Авто жол кыймылында эки киши уруша кетишип,биринчиси экинчисин бычак менен сайып салат. Андан соң ал велосипедге олтуруп, кѳздѳн кайым болот. Аны кармоо үчүн полиция кызматкерлери вертолет колдонушкан. Кѳп ѳтпѳй, шектүү адам кармалган. 

Ал 28-жаштагы киши өлтүрүүчү 2015-жылы Сириядан келип, жабырлануучу менен чогуу батирде жашаганы такталган. Уруш болгон күнү миграт башка батирге кѳчүп кетмек.

Бейшембиде сот сириялык жаранын тергѳѳ убагында түрмѳгѳ камады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз