Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн спорттук аренанын ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы объектиге жаңы символикалык – «Жаштык» аталышын ыйгарууну сунуштады.
Буга чейин арена Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алып жүргөн.
Спорт комплекс 5 миң көрүүчүгө ылайыкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан.
Имараттын жалпы аянты 15 миң 342 чарчы метрди түзөт. Бул жертөлөсү бар үч кабаттуу курулуш.
