Вторник, 26 мая

Министр Ибраев: Атамбаевдин аткандары чындыкка дал келбейт

0

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын мурдагы президенти, чет өлкөдө жүргөн Алмазбек Атамбаевдин энергетика системасы тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. “Атамбаевдин айткан сөздөрүнүн көпчүлүгү чындыкка дал келбейт жана манипуляциялык мүнөздө” — деген Ибраев, Кыргызстан 2010–2017-жылдары мезгил-мезгили менен Казакстан менен Тажикстандан 1 кВт/саат электр энергиясын орто эсеп менен беш сомдон сатып алып турганын айткан. Азыр өлкө 1 кВт/саат электр жарыгын 3 сомдон импорт кылып жатканын билдирген.

2017–2018-жылдары кар жана жаан көп жаагандыктан, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19,6 млрд куб метрге чейин көбөйүп, өлкө эки кыш электр жарыгын сатып албаганын кошумчалады.

Таалайбек Ибраевдин сөзүнө караганда, 2019-жылдары Кыргызстан бир жылда 14 млрд 163 млн кВт/саат электр энергиясын керектеси, азыр жаңы мектептер, бала бакчалар, завод-фабрикалар, өндүрүш ишканалары ачылгандыктан керектөөнүн көлөмү 20 млрд кВт/саатка жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз